MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору бардык мусулмандарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктап, кыргызстандыктарга бекем ден соолук, тынчтык жана байгерчилик каалайт.
MegaPay тиркемеси аркылуу ар бир абонент өзү каалаган суммада орозо-битир, зекет берип жана жетим балдар үчүн кайрымдуулук жасай алышарын эсиңиздерге сала кетели.
Топтолгон каражат Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын эсебине түшөт.
Орозо-битирди уюлдук телефондон кантип төлөсө болот?
Орозо-битирди MegaPay мобилдик тиркемесинен төлөп, кайрымдуулук иштерди жасоо мүмкүнчүлүгүн пайдаланыңыз.