АКШда 37 жаштагы аял ылайыктуу мырзаны күтүүдөн чарчап, бал айын жалгыз өткөрүүнү чечти

37 жаштагы АКШнын Сиэтл шаарынын тургуну, блогер Бриттани Эллин ылайыктуу мырзаны күтүүдөн чарчап, бал айын жалгыз өткөрүүнү чечкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Бриттани 20 жашынан тарта өз үй-бүлөсүн кыялданып, үй кожойкеси болгусу келген. Ал беш жыл сүйүү мамилесинде болуп, турмушка чыгып, балалуу болууну пландап жүргөн. "Бирок мен 25 жашымда сүйүктүү мырзам менен эки жолго түшүп, такыр башка багытта өнүгө баштадым", - дейт Эллин.

Эллин жашоосундагы жаркын элестер менен бөлүшүү үчүн жашоосунда сүйүү пайда болушун күтүп жүргөн. Бирок 37 жашында ал жашоосундагы эң сонун жылдарды колдон чыгаргысы келбей турганын түшүнүп, бал айына жалгыз барууну чечкен. "Мен Франциянын түштүгүнө, Венецияга, Италияга баргым келди, бирок идеалдуу өнөктөштү, идеалдуу мамилени күтүп жүрдүм. Жашым 30дан ашканда, “Мен эмнени күтүп жатам?” деп ой жаралды”, - дейт ал.

Бриттани Франция менен Италияда саякаттап жүргөн сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялап жатат. Эллиндин көптөгөн катталуучулары ага ыраазычылык билдирип, үлгү болгонун айтышууда. “Менин бул кадамым аялдарды жалгыз саякаттоого шыктандырып жатканы кубандырат” деген ал өз билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munduz2016
2023-03-23 15:57:00
Бал айы эриң менен кызыктуу болот эле да)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан