Түркияда кайрадан жер титиреди

Бүгүн, 23-мартта Түркияда кайрадан жер титиреди. Анын күчү 5,3 баллга жеткенин аталган өлкөнүн Жаратылыш кырсыктарды жоюу башкармалыгы (AFAD) билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Кахраманмараш провинциясынын Гөксюн районунда жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:19да күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды",- деп айтылат мекеменин маалыматында.

Маалымдалгандай, жер титирөөнүн очогу жети чакырым тереңдикте жайгашкан.

Эскерте кетсек, өткөн айдын башында, 6-февралда таңга жуук Түркия менен Сириянын аймагында очогундагы күчү 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келген.

Түрк бийлиги 50 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган жер титирөөнү “кылымдын катастрофасы” деп атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан