Орусияда Өзбекстандан барган 22 жаштагы мигрант социалдык тармактардан таанышкан кызын биринчи жолугушууда эле бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу Mash телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя Казань шаарында болгон. Анда 22 жаштагы Бахромджон менен 25 жаштагы Ирина социалдык тармактарда таанышкан. Таанышкандан көп өтпөй кыз мигрант баланы биринчи жолугушууга үйүнө чакырган.
Түндө кошунасы кыздын батиринин эшиги ачылып калганын көрүп, үйүнө кирген. Киргенде эле канга боёлгон жансыз денени көргөн.
Көзөмөл камераларынан алынган видеодо Бахромжондун кире бериштен качып чыкканы көрүнгөн. Учурда шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.