Манасчылык – кыргыз элинин энчисине мөөр болуп басылып берилген өнөр, касиет. Алгачкы манасчы ким болгону белгисиз. Манас баатыр өлгөндө айтылуу чоро Жайсаң ырчы аза туунун түбүндө туруп 40 күн, 40 түн Манастын туулгандан өлгөнгө чейинки кылган иштерин, жасаган эрдиктерин даңазалап кошок ырга салган, ошол кошок манасчылык жолдун башаты болгон деген маалыматтар бар. Манасчылар “аян болбой, баян болбойт” деп айтышат. Кайсы манасчы кандай аян берилгенден кийин манас айта баштаган?
Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” 24-мартта чыккан жаңы - №1059 санынан окуй аласыз.