Белгилүү өзбек ырчысы киши өлтүрүүгө шектелип кармалды

Белгилүү өзбек ырчысы Дилмурод Далиев адам өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдиргендей, 23-март күнү саат 01:55 чамасында Риштан районунун тургуну Д.Д., чогуу жашаган 31 жаштагы М.Б. аттуу аялды өлтүргөн. Жубайлар нике каттоосу жок жашашкан.

Кеп 36 жаштагы ырчы Дилмурод Далиев тууралуу болуп жатканын Газета.uz. сайты жазды. Маалым болгондой, Далиев чогуу жашаган аялы менен урушуп кетип, ага бир нече ирет бычак сайган. Аял алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Дилмурод Далиев - орточо популярдуулукка ээ эстрада ырчысы. Ырчы акыркы жылдары клиптерди активдүү чыгарып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан