"Сөзүң өзгөрсө, өзүң өзгөрөсүң". Бишкекте казак акыны Айнур Турсынбаева мотивациялык кечеге катышты

Бүгүн, 24-мартта Бишкектеги ресторандардын биринде ырчы Анжелика Кайратова уюштурган "Жылдын жолугушуусу" мотивациялык кече болуп өттү. Анда атайын конок катары кыргыз-казак элине белгилүү акын-мотиватор Айнур Турсынбаева чакырылды.

Кечеге 200дөй кыз-келиндер, алардын арасында кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүнөн Гүлнара Калдарова, Неля Нуркулова катышышты.

Кечеде Анжелика Кайратова менен Айнур Турсынбаева өзүн-өзү таануу, ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле келечекте кандай таасир этери, каржылык маселени чечүү жолдору тууралуу таасирдүү ой-толгоолору менен бөлүшүштү.

"13 жашыман айтыштарга катышам. Бала кезде негедир сахнага чыгарда эле өзүмдү жеңүүчү кыз элестетчүмүн. Анда азыркыдай визуализация дегендерди билчү эмесмин. 30 жылдан бери 33 унаа уттум, бирок бирин да айдабадым. Анткени дайыма айдоочу менен жүрөм", - деген акын айым адам тилин, пейилин оңдосо, ата-энеси менен мамилесин оң жолго салса, адамдын жумушу шыр жолго түшөөрүн айтып өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан