Бишкек шаарында белгисиз жаран майыптар коляскада отурган адамды бийиктиктен түртүп жиберип, ал каза болуп калды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 23-мартта Бишкек ШИИББинин "102" кызматына №4 ооруканадан кабар түшкөн. Анда 1988-жылы туулган жарандын 11-12 омурткасы сынып, ал ооруканада көз жумганы айтылган.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 21-мартта маркум Рыскулов жана Заводской поселок көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарыянын жээгинен майыптар коляскасында табылганын аныкташкан.