Сөөгү сандыктан табылган келиндин өлүмү: Шектүү 14 жылга эркинен ажыратылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда 36 жаштагы келиндин өлүмүнө шектүү жаран 14 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу облустук соттон маалымдашты.

Окуянын чоо-жайы:

2022-жылдын 1-декабрында милицияга кабар келип түшкөн. Анда Кара-Суу районунун тургуну З.А. аттуу жарандын (аял) өзү жашап жаткан үйүнөн жансыз денеси табылгандыгы тууралуу айтылган.

Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун Кызыл-Шарк айылынын тургуну 36 жаштагы З.А. аттуу жаран өзү жашап жаткан үйүнүн ички бөлмөсүндө турган сандыктын ичине катылып коюлган жансыз денеси табылган.

Маркумдун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзгөн учурда анын жаракаттары бар экендиги байкалган. Буга байланыштуу соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошол эле учурда "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

14-декабрь күнү шектүү катары Өзгөн районунун тургуну 49 жаштагы З.К. аттуу тургуну Өзгөн районунун аймагында кармалган. Ал жаран мурда Казакстанда соттолгон. Ал эми маркум жубайы экөө сегиз айдан бери жарандык никеде жашаганы айтылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан