Кыргыз Улуттук "Манас" театрынын төкмө акыны Нурайым Бактыяр кызы Казакстанда өткөн эл аралык айтышта экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Белгилүү болгондой, эл аралык айтыш Баатыр эне Жамал апанын жаркын элесине арналып, Шымкент жергесинде өткөрүлгөн.