Кубаныч Айбек уулу дзюдо боюнча Тбилисиде өтүп жаткан турнирде алтын байге утту

Тбилиси шаарында өтүп жаткан Grand Slam турниринин жеңүүчүсү болуп Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Кубаныч Айбек уулу аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кубаныч Айбек уулу 66 килограмм салмак ченинде күч сынашкан. Ал Куба, Бразилия жана Грузиянын эки спортчусун жеңип, финалга чыкты. Финалда монголиялык балбанды утуп, алтын медалга ээ болду.

Грузиянын Тбилиси шаарында өтүп жаткан Grand Slam турнирине 61 өлкөнүн спортчулары катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан