Global Money Week: Балдар үчүн "Кыргыз-Швейцариялык Банкына" өзгөчө экскурсия

Бул жумада дүйнөнүн 170тен ашык өлкөсүнүн каржылык-кредиттик уюмдары жана окуу жайлары бир эле убакта "Глобалдык акча жумалыгына" катышып, жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштуруп, өткөрүүдө. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргызстандагы Global Money Week 2023 координатору болуп саналат.
Глобалдык кампаниянын алкагында "Кыргыз-Швейцариялык Банкы" бир катар иш-чараларды, анын ичинде «Илим» билим берүү комплексинин 3-4-класстарынын окуучулары үчүн экскурсияны пландаштырган. Жаш экскурсанттар чоң кызыгуу менен банктын күнүмдүк жашоосуна сүңгүп кирип, адистердин иштерин көрүштү. Балдар кассага, аманат бөлүмүнө, кызматкерлердин иш орундарына дилгирленип барышып, аларга көптөгөн суроолорду беришти. Окуучулар банктын заманбап продуктулары жана технологиялары менен таанышып, сорттоо жана вакуумдук машиналар кантип иштээрин карап чыгышты, каалаган убакта жана каалаган жерден каржыны башкарууга мүмкүндүк берген мобилдик тиркемелердин мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Ал эми банктын Банктар аралык процессинг борборунан өнөктөштөрү Элкарт улуттук төлөм системасы тууралуу айтып беришти.
Экскурсиянын жүрүшүндө балдарга нумизматикалык көргөзмөнүн ачылышына катышуу жана улуттук валютабыз – СОМдун 30 жылдыгына арналган монеталардын уникалдуу коллекциясын өз көздөрү менен көрүү бактысына ээ болушту. Ошондой эле балдар "Кыргыз-Швейцариялык Банкынын" негизги үлүшүнө ээлик кылган компаниянын жетекчиси, швейцариялык ишкер Юрг Штаубли менен да жолугушту, ал Кыргызстанга кыска иш сапары менен келгенине карабай, жаш муун менен ийгилигинин сырларын бөлүшүүгө убакыт таап, алардын суроолоруна жооп берди.
"Рахмат сизге! Экскурсия, кызыктуу жана мазмундуу болду”- деп ыраазычылык билдирүү менен коштошту, "Илим" мектебинин башталгыч класстар жана финансылык сабаттуулук боюнча мугалими Анастасия Сергеевна Осмоловец. - Убактыңызды бөлүп, суроолорду берүүгө, аларга жооп алууга чоң мүмкүнчүлүк түзүп бергениңиз үчүн ыраазыбыз! Бул абдан баалуу"- деп кошумчалады.
Жаш коноктор «Кыргыз-Швейцариялык Банкынан» эсте каларлык сувенирлерди, жаңы билимдери жана таасирлерди алып үйлөрүнө кайтышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан