«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» СОМдун 30 жылдыгына карата монеталардын көргөзмөсүнө чакырат

Жума бою дүйнөнүн 170тен ашык өлкөсүнүн каржылык-кредиттик уюмдары жана окуу жайлары бир эле убакта "Глобалдык акча жумалыгына" (Global Money Week) катышып, жаштарды финансылык сабаттуулукка жана акча топтоо маданиятына үйрөтүштү. Быйыл билим берүү кампаниясы “Акчаңды пландаштыр – келечегиңе кам көр” деген жалпы ураан астында өтүүдө. Кыргызстанда бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын колдоосу астында өтүп жатат жана алардын айрымдары юбилейлик датага – Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы – кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата уюштурулууда.

«Кыргыз-Швейцариялык Банкынын» дубалындагы эң жаркын окуялардын бири «2023 – кыргыз СОМуна 30 жыл» аттуу байыркы жана заманбап монеталардын нумизматикалык көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Экспозиция Кыргыз Республикасынын аймагында табылган жана заманбап Кыргызстандын тарыхында татыктуу орунду ээлеген ар кыл доорлордун акча белгилерине арналган.


Мындан 30 жыл мурун улуттук валютаны иштеп чыгууга кесипкөй тарыхчылар, нумизматтар, экономисттер, юристтер, финансисттер, банкирлер, сүрөтчүлөр тартылып, 1993-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасында улуттук валюта жүгүртүүгө киргизилген. Коллекциянын заманбап мезгили жүгүртүүдөгү жана сувенирдик акчалардын коллекциясы, ошондой эле акча массасынын жетишсиздигинин оор мезгилинде басып чыгарууга аргасыз болгон иштебей калган монетаканалардын жана стихиялуу суррогат акчалардын сынамык продукциясынын үлгүлөрү менен берилген. Жөнөкөй кагазда суу белгиси жок жана жетекчиликтин колтамгасы менен даярдалган алмаштыруучу документтер аларды чыгарган ишканалардын ичинде сомдун жүгүртүүгө киргизилгенге чейин жүгүртүүгө чыгарылган.


Эгемендүү Кыргыз Республикасы дүйнөлүк державаларга салыштырмалуу али жаш болсо да, жерибиздин тарыхы кылымдарды карыткандыктан экспозициянын бир бөлүгү 8-кылымдын башындагы алгачкы монеталардан тарта алгачкы орто кылымдагы тыйындарга да арналган. Көргөзмө соода алакаларына көз салууга, тарыхы, жашоо образы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында мурда жашаган ата-бабалардын жашоосунан башка кызыктуу фактылар менен таанышууга мүмкүндүк берет.


Кыргыз Республикасынын тарыхы менен нумизматиканы баалаган бардык инсандарды 2023-жылдын 1-июнуна чейин Байтик Баатыр көчөсү, 68 дарегинде жайгашкан "Кыргыз-Швейцариялык Банкында" иш күндөрү өтүүчү "2023-жыл - Кыргыз СОМуна 30 жыл" көргөзмөсүнө 9:00дөн 17:30га чейин чакырабыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан