Beeline өз номериӊизди өзүӊүзгө каттоо канчалык маанилүү экенин эсиӊизге салат

SIM-картаны сатып алууда номерди каттоо бардык сатуу түйүндөрүндө кадимки процедура болуп калды. Ошондой болсо да, номер ээсине берилбей калган учурлар бар: мисалы, SIM-карта колдон сатылып алынган, белекке берилген же мурунку ээсинен мураска калган. Beeline уюлдук оператору сиздин катталган колдонуучу экениңизди текшерүүгө чакырат.

Номерди сиздин атыңызга каттоонун негизги артыкчылыктары – коопсуздук жана ишенимдүүлүк, анткени каттоо алдамчылык аракеттерден коргоонун кепилдиги катары кызмат кылат. Мындан тышкары, ал төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

  • SIM-карта же телефон жоголгон учурда номерди оңой жана тез калыбына келтирүүгө.
  • Номериңизди толугу менен башкарып, окуялардын чоо-жайын алууга.
  • Жеке маалыматтардын купуялуулугун ишенимдүү коргоого.

Beeline-дын абоненттери өздөрүнүн каттоо статусун *142# командасын терүү менен текшере алышат. Буга жооп катары номердин ээсинин баш тамгаларын камтыган SMS билдирүү келет. Эгерде алынган маалыматтар туура эмес болсо, анда сиздин номериңизди каттоо зарыл.

Номериӊизди өзүӊүзгө каттоо үчүн, өздүгүӊүздү күбөлөндүрүүчү документ менен жакынкы Beeline кеңсесине кайрылсаӊыз болот. Паспорт ала элек эӊ жаш кардарларыбыз үчүн келишимди алардын ата-энелери же жакын туугандары түзө алышат. Процедура бекер жүргүзүлөт жана көп убакытты талап кылбайт.

Ошондой эле номериңизди «Мой Beeline» мобилдик тиркемеси аркылуу каттасаңыз болот. Ал үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

  1. Тиркемедеги негизги меню сабынан "Дагы" бөлүмүнө өтүңүз.
  2. "Каттоо" бөлүмүн ачыңыз.
  3. Паспортуӊузду эки тарабынан сүрөткө тартып алыңыз.
  4. Паспортуңуздун маалыматтарын текшериңиз.
  5. Паспортуңуз менен жүзүңүздү сүрөткө (селфи) тартыңыз.
  6. Код сөздү ойлоп табыңыз.
  7. Келишимди текшерип, ага кол коюңуз.

Бул жөнөкөй кадамдар маалыматтарыңыздын корголушун камсыз кылууга жардам берет. Мындан тышкары, номерди каттоо процедурасы аяктагандан кийин абонентке Beeline-дан бонус – 5 ГБ көлөмүндө интернет-топтому белекке берилет.

Beeline менен бирге жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү ач!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан