Hyundai Кыргызстан балдардын жолдогу коопсуздугу көйгөйүнө көңүл бурууга чакырат

Hyundai Кыргызстан 5-апрелде Бишкек ШИИБнин Патрулдук милициясы тарабынан уюштурулган "Жол эрежеси - жашоо эрежеси" акциясын колдоого алды. Акция мектеп окуучуларынын жол эрежелери боюнча маалыматын жогорулатуу жана алардын жолдо коопсуз жүрүм-турумун калыптандыруу максатында уюштурулган.

Акцияга Патрулдук милициясынын жетекчиси Авазбек Досов, шоу-бизнес өкүлдөрү Жан Сабыров, Омар, Азат Раимбердиев, блогерлер, бий топтору жана Бишкек шаарындагы окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.

«Hyundai Кыргызстан социалдык жоопкерчиликтүү компания катары жол коопсуздугун камсыздоого салым кошууга аракет кылууда. Борбор калаанын көчөлөрүндөгү жол кырсыктарынын кейиштүү статистикасын эске алуу менен, биз мындай демилгелерди колдоо жана чоңдорду балдардын жол-транспорттук жаракат алуу көйгөйүнө көңүл бурууга чакыруу зарыл деп эсептейбиз», - деди Hyundai Кыргызстан компаниясынын башкы директору Владимир Лим.

“Жол эрежеси – жашоо эрежеси” акциясы Hyundai Кыргызстан активдүү катышкан социалдык долбоорлордун бири болуп саналат.

Asiamotors ЖЧКсы Hyundai автоунаа брендинин Кыргызстандагы расмий өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан