Иран АКШнын соккулары өлкөнүн өзөктүк объекттерине олуттуу зыян келтиргенин моюндады

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШнын соккулары өлкөнүн өзөктүк объекттерине олуттуу зыян келтиргенин билдирди.

"Фордодо эмне болгонун эч ким так билбейт. Бирок бул учурда биз объекттер олуттуу зыянга учураганын билебиз",- деди ал CBS News телеканалына Ирандын уран байытуу заводунун абалы тууралуу суроого жооп берип жатып.

Аракчи белгилегендей, Ирандын Атомдук энергия боюнча уюму дагы деле соккулардын таасирин талдап, баалоодо жана келечекте өкмөткө отчёт берет.

"Ирандын бузулган объектте уранды байытууну кайра баштоо ниети барбы?" деген суроого министр: "Биз объектти кайра иштетүүнүн мүмкүндүгүн чечүүдөн мурун отчётту күтүшүбүз керек",- деп жооп берген.

Эске салсак, 22-июнда АКШ Ирандагы үч өзөктүк объектиге – Фордо, Исфахан жана Натанз шаарларына сокку урган. Мунун алдында Израилдин бул өлкөгө каршы аскердик аракеттери болгон. Анын максаты Ирандын өзөктүк программасын жок кылуу болчу. Андан соң президент Дональд Трамп элдешүүнү жарыялап, ага Иран менен Израил макул болгон. Тынчтык дагы деле сакталып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан