Саздын үстүнө үйлөр курулабы? Сокулукта жер чыры уланууда

Сокулуктун Военно-Антоновка айылына караштуу жаңы конуштун (аты жок) жашоочулары “мыйзамсыз жер сатуунун айынан конуштагы саркынды суулар агып чыгуучу канал (дренаж) буулуп, үйлөрдүн астынан суу чыгуу коркунучу жаралууда” деп редакциябызга кайрылышты. Барып абалды көрдүк, кадимки камыш баскан балчыктын үстү топурак менен толтурулуп жатыптыр. “Бул тилке айыл чарба багытында болгондуктан азыр үй салабыз деп жаткандар эртең көчөдө калышы мүмкүн”,- дешет тургундар. Анткени президент Садыр Жапаров кол койгон “жер мунапысы жөнүндө” мыйзамына ылайык, 2022-жылдын апрель айына чейин курулуп калган (башка категорияда) үйлөр гана мыйзамдаштырылып, андан кийинкилерине уруксат берилбейт. Жашоочулар “жер тилкелерин мыйзамсыз сатып жатат” деп күнөөлөгөн тараптын да пикирин уктук.

Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” 7-апрелде чыккан жаңы №1061 санынан окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан