Билим берүү уюмдары жана кесиптик лицейлер мигранттарды санариптик сабаттуулукка үйрөтөт

2023-жылдын 20-февралынан 11-мартына чейин Бишкек, Ош жана Ысык-Көл облустарында үч күндүк семинарлар өттү. Семинарга кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын жана кесиптик лицейлердин 120дан ашык өкүлдөрү катышты.

Максаты: жаш мигранттардын санариптик, коммуникациялык жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн усулдук жана эксперттик базаны түзүү. Эми алар миграцияга анттанып жаткандарды окутушат.

Тренингдин жыйынтыгы менен семинарды ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификатка ээ болушту. Анын негизинде алган билимдерин жергиликтүү деңгээлде ментор катары башкалар менен бөлүшүп жана долбоордун алкагында дагы башка онлайн семинарларга катыша алышат. Долбоор өлкөнүн бардык аймактарынан катышуучуларды тартууну пландоодо.

Катышуучулар семинарда санарип көндүмдөрүнө жараша группаларга бөлүнүштү. Окуунун алкагында, 600дөн ашык адам катталган жана онлайн курстардан өтүп жаткан “AcademyInAQA” электрондук билим берүү платформасында иштөө, Canva, Prezi, Powtoon сыяктуу программалык камсыздоо жана тексттик редакторлор, презентациялар жана таблицалар менен иштөөнү үйрөнүштү. Мындан тышкары, “Ишкердик” чакан курсун өтүп, LMS (Learning Management System) электрондук окутуу платформасы менен таанышышты. Билим берүү уюмдарынын ишинде жана тесттерди түзүүдө ChatGPT (жасалма интеллектке негизделген чат-ботту) колдонуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. Берилген маалыматтардын жыйынтыгы боюнча катышуучулар өтүлгөн материалдар боюнча сертификациядан өтүп, экзамен тапшыргандан кийин ментор деген сертификатка ээ болушту.

Бул семинарлар «E-Quality» - Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик теңчилик үчүн санариптик билим берүү долбоорунун алкагында өттү. Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн жана Европа Биримдигинин тышкы ишмердүүлүк программасынын каржылоосунда ишке ашырылып жатат.

Ар бир каалоочу сертификат алып, "Academy InAQA" https://academy.inaqa.com/ платформасында каржылык жана компьютердик сабаттуулук боюнча өз алдынча онлайн окуудан өтө алат. Кененирээк маалымат алуу үчүн байланыш: +996708 51 80 81.

e-mail: inaqa.publicfoundation@yandex.ru

инстаграм: e_quality.kg

фейсбук: E-Quality

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан