Жылнаама: 11-декабрь - Эл аралык тоолор күнү

11-декабрь -  Эл аралык тоолор күнү.Биздин күнөстүү мамлекетибиздин дээрлик көпчүлүк бөлүгүн тоолор ээлейт. Тоолук эл катары жашоо тиричилигибиз, табиятыбыз ошол улуу тоо жана аска зоолор менен тыгыз байланышкан. 2003-жылы Кыргызстанда Эл аралык тоолор жылында ЮНЕСКОнун чечими менен атайын саммит өтүп, ага бүткүл дүйнө жүзүнөн делегаттар катышып, БУУнун жакшы пикирин жараткан. Ошентип бул күн 2003-жылдан бери белгиленип келет.

11-декабрь - Эл аралык танго күнү. Бул күн аргентиналык ырчы, композитор, актёр жана бийчи, "Тангонун падышасы" атыккан Карлос Гарделдин туулган күнү. Латын америкалыктар Карлос Гарделди бийдин Кудайы деп, анын танго бийинин өнүгүшүнө кошкон салымы жөнүндө байма-бай айтып келишет. Мына ошондон улам 1978-жылы Аргентинада Танго күнү белгиленип, андан көп өтпөй бул күн Эл аралык танго күнү деп аталып калган.
*1951-жылы (62 жыл мурун) Кыргыз Республикасынын Эл артисти, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор жана атка­руучу Шамшыбек Өтөбаев туулган. 14 республикалык, 8 эл аралык конкурс, фестивалдардын жеңүүчүсү Шамшыбек Өтөбаев Ноокендин Шыңсай айылында жарык дүйнөгө келген. 2008-жылы КРнын Эл артисти наамын алган.
 
 
*1918-жылы (95 жыл мурун) орус жазуучусу Александр Солженицын казактын үй-бүлөсүндө туулган. Ал Ростов-на-Донудагы университеттин физика-математика факультетин жана Москвадагы философия жана адабият институттарын аяктаган. Согушка катышып, эрдиги үчүн орден-медалдарга ээ болуп, бирок 1945-жылы Сталинди сындагандыгы үчүн 8 жылга камалган.
Александр Солженицын ХХ кылымдагы улуу жазуучулардын катарына кирет. Ал советтик түзүлүштүн көмүскө жактарын – репрессияны, түрмөлөрдөгү турмушту, советтик адамдардын турмушун өз абийирине коюп жазган жазуучу. Солженицын - бүгүнкү жаңы замандын келишине, мурдагы тоталитардык түзүлүштүн кулашына салым кошкон жазуучу. Ошондон улам алп жазуучунун чыгармачылыгынын башкы өзгөчөлүгү советтик тоталитардык түзүлүштүн көлөкө жактарын жалпы коомчулукка бурмалабай алып чыккандыгында болгон.
Орус жазуучусу, дүйнөлүк "Нобель" сыйлыгынын ээси Александр Солженицын 2008-жылы 3-августта дүйнөдөн өткөн.
 

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан