Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев "РСК Банк" ААКсына келди

Бүгүн Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Төрөбаев Бакыт Эргешевич «РСК Банк» ААКна айыл чарбасын, агроөнөр жай секторун жана жашыл каржылоону кредиттөө боюнча мамлекеттик программаларды мындан ары ишке ашыруу маселелерин талкуулоо максатында келди.

Б.Төрөбаев менен жолугушууга Төрага Д.С. Эрмеев жетектеген «РСК Банктын» Директорлор кеңеши, Төрага У.М. Ногаев жетектеген Банк Башкармасы жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Банктын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, агроөнөр жай секторун кредиттөө жана энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) тармагындагы иш-аракети талкууланды. Бакыт Төрөбаев айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын колдоо Кыргызстандын Өкмөтүнүн маанилүү милдеттеринин бири экендигин белгилеп, Банктын жетекчилигине бул багыттагы иштерди мындан ары да натыйжалуу улантууну тапшырды.

Талкууда Кыргызстан үчүн орчундуу тармактардын бири – ЭКБ маселеси да көтөрүлдү. Уланбек Ногаев белгилегендей, РСК Банк азыркы учурда жашыл кредиттөөнү жана лизингди өнүктүрүүнүн үстүндө иш алып барууда.

Аталган жолугушуунун жыйынтыгында Банк тарабынан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, лизинг жана калктын финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жаатындагы мындан аркы иштер боюнча демилгелери толугу менен колдоого алынды.

КРУБ Ллиц. № 033, 033/1.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан