"Келгиле үйүбүздү тазалайбыз!". Бишкекте таштандыларды өзүнчө чогултуу долбоору ишке кирди

Бишкек шаарында "Веселий Молочник" сүт бренди, Globus дүкөндөр тармагы жана Tazar App мобилдик тиркемеси "Үйүбүздү таза кармайбыз" аттуу экологиялык демилгесин ишке киргизишти. Акция апрель айында старт алды. Долбоор таңгактарды жана кагаз калдыктарын кайра иштетүү, ошону менен бирге борбор калаанын тургундарынын экономикасын өнүктүрүү максатын көздөйт.

Тазаланган жана жуулган таңгак сыяктуу кайра иштетилген таштандылар полигонго төгүлбөстөн, кайра жаңы буюмдарды өндүрүү үчүн чийки зат катары колдонулушу мүмкүн. Демилгечилер бишкектиктерге тиричилик таштандыларын иргеп, кабыл алуу пункттарына алып келүүнү адатка айлантууну көздөшүүдө. Бул үчүн татаал эч нерсе талап кылынбайт. Болгону Бишкек шаарындагы 12 Globus дүкөнүндө жайгашкан атайын пункттарга кайра иштетүүгө жарамдуу заттарды алып баруу керек. Фирмалык урналар дүкөндөрдүн жанында жайгашкан жана туура иргөө боюнча көрсөтмөлөрү бар. Кайра иштетилүүчү буюмдарыңызды үйүңүздөн алып кетүүнү каалайсызбы? Анда Tazar App тиркемесин колдонуңуз. Бирок бул баары эмес.

Долбоорго катышуу менен Бишкектин тургундары экологияны жакшыртууга салым гана кошпостон, бул үчүн сыйлыктарды (www.vmpolza.kg) алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ал үчүн тарыхчага (сторис) сүрөттү жарыялап, @bishkeksut, @tazar.app жана @globuskg. баракчаларын белгилеш керек. Жеңүүчүлөр ар апта сайын @bishkeksut баракчасында түз эфирде аныкталат.

Долбоордун алкагында кайра иштетүүгө желим, макулатура, айнек идиштер, калай жана алюминий банкалар кабыл алынат. Атайын пункттардан жана тиркеме аркылуу чогултулган бардык калдыктар станцияларга ташылып, андан соң кайра иштетүү үчүн "Фрунзе" металл иштетүүчү заводуна, «Алтын Ажыдаар» заводуна, "Карабалта айнек заводуна" жана башка ПЭТ, таңгак кутуларды, синтепон, түтүк чыгарган ишканаларга жөнөтүлөт. "Келгиле, үйүбүздү тазалайбыз!" долбоору полигондогу таштандылардын көлөмүн азайтып гана тим болбостон, пайдалуу турмуш-тиричилик буюмдарын өндүрүү үчүн чийки сырье менен камсыздайт.

Акция 25-июнга чейин созулат. Ал эми өнөктөштөр 4-5 тоннадан ашык кайра иштетилүүчү сырьену чогултууну пландап жатышат. Globus тармагы- Кыргызстандагы эң ири соода түйүндөрүнүн бири. Ал "Umai Group" ири компаниясынын бирдиктүү тармагына кирет. Компания ар дайым өлкөнүн экологиясын жакшыртууга жана сарамжалдуу пайдаланууга салым кошууга умтулат. Алсак, азыркы учурда тармактын дүкөндөрүндө атайын машиналар орнотулуп, алар кайра иштетүүгө жөнөтүлүүчү картон таңгактарын даярдап берет. Мындан тышкары "Umai Group" команиясынын кызматкерлери өлкөнүн бардык аймагындагы ишембиликтерге активдүү катышууда. "Веселый молочник" - "PepsiCo" компаниясынын сүт азыктарынын бренди. 2021-жылы PepsiCo PepsiCo Positive (pep+) стратегия кабыл алып, глобалдык бизнес трансформациясын бардык процесстерде өзгөртүү киргизүүнү баштаган.

Анда сырьену сатып алуудагы жоопкерчилик, экологиялык өндүрүштөн керектөөчүлөрдү тартуу, адамдар жана планета үчүн ден-соолукка пайдалуу тамак-аш тандоого түрткү берүү. Компания 2040- жылга чейин толугу менен көмүртектүү-нецтралдуу болууну максат кылууда. Анын ичинде таза пластикти колдонууну кыскартууну, бир жолу колдонулуучу пластикалык тангактардан баш тартууну камтыган жаңы бизнес долбоорлорду иштеп чыгууну жана экономиканын өсүү жолунда өнөктөштөр менен кызматташууну коздоодо.

Долбоордун алкагында "Веселый молочник" бренди өнөктүк сайтында тандалган аймакты тазалоо үчүн чогултулган чийки заттын ар бир килограммынан 50 сомдон бөлүп берет. Tazar App - мобилдик тиркемеси кайра иштетилүүчү материалдарды чогултууну уюштуруу менен таштанды полигондоруна таштандылардын көлөмүн азайтууну көздөйт. Ал ошондой эле таштандыларды үйдөн чогултууга буйрутма берүү мүмкүнчүлүгүн жана туура иргөө боюнча окуу көрсөтмөлөрдү камтыйт. Тиркеме ошондой эле аны активдүү колдонуу үчүн упайларды топтоп, аларды Tazar өнөктөштөрүнүн товарларына же кызматтарына алмаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Тиркеме бардык ыңгайлуу тиркеме платформаларында жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан