Кыргызстандагы бардык коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары мобилдик тиркемелерине жана электрондук капчыктарына бирдиктүү QR-кодду интеграциялашты. QR-код аркылуу төлөө – бул банк картасын бербестен сатып алуулар жана которуулар үчүн накталай эмес төлөм жүргүзүүнүн альтернативдик жолу.
QR-код (Quick Response, «тез жооп кайтаруу») бул телефондогу сканердин жардамы менен дароо таанылган төлөм жөнүндө коддолгон маалыматы бар штрих-код саналат, ал маалыматтарды кол менен киргизүүнү талап кылбайт – алар тез арада толтуруу үчүн талап кылынган талааларга которулат жана которуу бир нече секунда ичинде ишке ашат.
«Кыргыз-Швейцария банкынын» кардарлары KSB мобилдик тиркемесин акыркы версиясына чейин жаңыртып, ушул тейлөөнү колдоно алышат. OR-код аркылуу кантип төлөө керек:
QR-код аркылуу төлөмдөрдү кабыл алган Кыргызстандагы соода-тейлөөчү түйүндөр улам барган сайын көбөйүүдө: булар супермаркеттер, кофейнялар, ресторандар, кондитердик жайлар, уюлдук операторлор, коммуналдык тейлөөлөр, такси кызмат көрсөтүүлөрү жана башка тейлөөлөр.
Бүгүнкү күндө бардык төлөмдөр комиссиясы жок аткарылууда. «Кыргыз-Швейцария банкынын» мобилдик тиркемесиндеги QR-код аркылуу төлөөлөр боюнча тейлөөлөрдүн ыңгайлуулугун баалаңыз!
Эгер сизде QR-код же башка банктык продукт аркылуу төлөөлөр боюнча суроолор жаралса, төмөнкү электрондук почтага bank@ksbc.kg, www.ksbc.kg сайтындагы чат аркылуу жана «Кыргыз-Швейцария банкынын» байланыш борборунун телефондоруна кайрылыңыз: +996 (312) 54 34 24 (шаардык номер), +996 (705) 54 34 24 («О!»), +996 (755) 54 34 24 (Megа), +996 (222) 54 34 24 (Beeline).
«Кыргыз-Швейцария банкы»: Жаңы бийиктиктерге бирге!