"Супер спортчу-2012" наамынын ээси Кылычбек Саркарбаев сыйлык алган күнү төрөлгөн уулуна ысым ыйгарды

8-декабрь күнү "Супер-Инфо" гезитинин жылдын мыктыларын аныктоочу концертинде "Супер спортчу-2012" наамына татыган эрежесиз эр уруш чебери Кылычбек Саркарбаев сыйлык алган күнү уулдуу болгонун жазганбыз. Сыйлык алуу үчүн Оштон учуп келген Кылычбек келинчеги уул төрөгөнүн концерт башталарга 1 саат калганда угуп, эртеси дароо Ошко учуп барган. Анын айтымында, келинчеги Айгеримдин жана уулунун ден соолугу жакшы. "Келинчегим менен уулумду төрөт үйүнөн кечээ чыгардык. Атын машыктыруучум жана өкүл атам Улукбек Өмүрзаков Зубаир деп коюп берди. Зубаир деген Мухаммед (САВ) пайгамбардын ишенген аскер башчыларынын бири болуптур",- дейт эрежесиз эр уруш боюнча Евразиянын чемпиону. Кошумчалай кетсек, Кылычбек менен Айгеримдин Зубаирден башка кызы бар. Биз өз кезегибизде Зубаир аман-эсен эр жетсин демекчибиз. Атасын тартып, кыргыздын намысына жараган азаматтардан болсун! 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aikulina
2012-12-11 14:56:47
Супермен деп койгонго деп кире калса...
0
BARSBEK-7
2012-12-11 15:36:12
Кыргыздын туусун дуйного желбиреткен жигит болсун.
0
snejinka
2012-12-11 16:20:40
уже бош эмес турбайбы, концерттен олло жагып калганда %)))
0
snejinka
2012-12-11 16:21:12
Уулуна ыйман берсин, бактылуу, улгулуу уй-було болушсун!!!
+1
Viki
2012-12-12 10:51:59
бешик боосу бек болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан