Түтүнсүз келечекке бир кадам: Швеция тамекини кантип жеңүүдө

27-28-апрелде Бишкекте өтө турган шаардык саламаттыкты сактоо боюнча XII Эл аралык «City Health» конференциясынын алкагында 15 өлкөнүн эксперттери жана окумуштуулары жаман адаттар менен күрөшүүнүн заманбап ыкмаларын талкуулашат. Программада жарыяланган баяндамалардын арасында Швециядагы тамеки чеккендердин санын рекорддук кыскартуудагы новатордук тажрыйба өзгөчө кызыгууну туудурууда.

Бул тажрыйба эмнеси менен кызыктуу жана өзгөчө? Швецияда тамекини жеңүүдө чоң бурулуш жасоого жана дүйнөдөгү биринчи чылымсыз мамлекет болууга толук мүмкүнчүлүк бар. Health Diplomats Глобалдык кыймылынын маалыматы боюнча, зыянды азайтуу принциптерин карманган мындай новатордук стратегиянын аркасы менен 2023-жылы бул өлкөдө тамеки чеккендердин саны болуп көрбөгөндөй эң төмөнкү көрсөткүчкө жетип, калктын 5% түзөт. Эгерде Евробиримдикке кирген баардык мамлекеттер скандинавиялык ыкманы колдонсо, жакынкы он жылда Европада эле 3,5 миллион адамдын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болот.

Мындан башка дагы статистика бар. Адатта тамеки чегүү менен байланыштырып келишкен оорулар Швецияда эң төмөнкү пайызда. Мисалы, башка өлкөлөргө салыштырмалуу бул жерде шишик оорусу 40%дан ашык, ал эми жугуштуу эмес оорулардан каза болгондордун көрсөткүчү Евробиримдиктин орточо көрсөткүчүнө салыштырмалуу 39,6% төмөн.

Швеция чылым чегүүнү жана анын кесепеттерин азайтууда кантип алдыга озуп чыкканы тууралуу шаардык саламаттыкты сактоо боюнча «City Health» глобалдык конференциясынын катышуучусу, Линчепинг университетинин ички оорулар жана эндокринология боюнча профессору Фредрик Нистром айтып берет.

"Швецияда тамеки чегүүгө тыюу салуу снюстун (соруу үчүн эриндин артына коюлган тамеки аралашмасынан турган баштыкча) популярдуулугун жогорулатты. Никотинге катуу көз каранды адамдар үчүн бул тобокелдиктин альтернативасы болуп калды. Муну Европанын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу Швецияда жугуштуу эмес оорулардын төмөн көрсөткүчү далилдеп турат”, - дейт эксперт.

Ошол эле убакта, Швецияда дагы деле болсо өпкө ооруларынан жабыркагандар бар. Албетте, анын деңгээли Европада эң төмөн болуп эсептелет. Бул боюнча Нистром мындай деп жооп берди: "Сиз өзүңүздү баардык нерседен толугу менен коргой албайсыз. Дем алуу органдарынын оорулары тамеки чегүүдөн гана пайда болбостон, экологиянын начардыгы, тамактануу жана башка факторлор да буга себеп болушу мүмкүн. Мындан тышкары, дартка чалдыккандар снюска өткөнгө чейин көп жылдар бою тамеки чегип жүргөнүн да эстен чыгарбоо зарыл".

"Ошондой эле биз жаман адаттарга байланыштуу эң кеңири тараган жаңылыш түшүнүктөрдү жок кылышыбыз керек. Мисалы, кээ бир ачык булактарда никотин канцероген, жүрөк-кан тамыр ооруларын же ракты козгошу мүмкүн деген билдирүүлөр бар. Бирок, бул гипотезаны ырастоочу толук эпидемиологиялык маалыматтар жок. Снюс жөнүндө шишикке алып келет деген жаңылыш түшүнүк бар, бирок акыркы изилдөөлөр бул экөөнү байланыштырбайт”, - дейт профессор Нистром.

Анын өзүнүн илимий эксперименттери, снюстун курамындагы никотин организмде метаболизмге анча таасир тийгизбей турганын көрсөткөн. Башкача айтканда, зыяндуулугу жагынан тамеки түтүнү никотинге караганда алда канча коркунучтуу жана экөөнө бирдей кароого болбойт.

Алкоголдун никотин менен жана никотинсиз организмге тийгизген таасирин изилдеген дагы бир эксперимент эки учурда тең тамактангандан эки сааттан кийин бир стакан шарап кандагы глюкозанын деңгээлин бир аз төмөндөтөрүн көрсөткөн. Натыйжаларга таянсак, спирт ичимдиктерин аз дозада кабыл алууда жүрөк-кан тамыр оорулары коркунучун төмөндөтөт. Бул да ыкчам жасалган эксперименталдык иш менен тастыкталып, зыянды азайтуунун жакшы мисалы боло алат.

"Дарыгер катары биз ар дайым бейтаптарга тамекини таштоого, арыктоого же спирт ичимдиктерин ичүүнү токтотууга кеңеш беребиз. Бирок, чыныгы жашоодо бул түрдүү ыкмалар көпчүлүк адамдар үчүн иштебейт. Тамеки чегүүнү никотиндин коопсуз булагы менен алмаштыруу, жок дегенде физикалык көнүгүүлөрдү баштоо же алкоголдук ичимдиктерди ичүүнү азайтуу көбүнчө оорунун коркунучун азайтуу үчүн кыйла жеткиликтүү, натыйжалуу жана прагматикалык ыкма болуп саналат", - деп жыйынтыктайт эксперт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан