Электрондук патенттин баасын эсептөө, тариздөө жана патент үчүн төлөмдү MegaPay тиркемеси аркылуу онлайн аткарууга болот.
Документти тариздөө жана төлөө боюнча бардык операцияларды 24/7 режиминде, кыска мөөнөттүн ичинде эле смартфондон ишке ашыра аласың. Процесс көз ачып-жумганча аткарылат.
Е-патенттин баасын эсептөө, алуу же төлөм жүргүзүү үчүн:
· MegaPay тиркемесин жүктөп алуу же жаңылоо керек (Google Play жана App Store’дон жүктөөгө жеткиликтүү);
· «Сервистер» баракчасын ачып, «Электрондук патент» бөлүмүнө өтүү;
· «Жаңы патент» баскычын тандоо;
· салык төлөөчү тууралуу маалыматтарды, экономикалык ишмердүүлүктүн түрү жөнүндө жана документтин жарамдуу мөөнөтүн жазуу;
· «Эсептөө» баскычын басып, патентти тариздөөнү тастыктоо;
· реквизиттер жана төлөмдүн суммасы сервис тарабынан автоматтык түрдө иштелип чыгат, болгону транзакцияны тастыктоо жетиштүү.
Таризделген патенттерди «Менин патенттерим» бөлүмүнөн карап алса болот. Комиссия – 20 сом.
Маанилүү! Е-патентти Кыргыз Республикасынын салык кызматында ИНН номеринин каттоосу бар жарандар гана ала алышат.
Бизнеске пайда келтирүү менен убактыңды үнөмдө – MegaPay түзгөн санариптик мүмкүнчүлүктөрдү пайдалан!