"Умай Групп" жана Монополияга каршы күрөшүү кызматы керектөөчүлөрдүн укугун коргоодо

Өлкөдөгү эң ири сатуучу "Умай Групп" компаниясы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте керектөөчүлөрдүн укугун коргоо мыйзамы жөнүндө атайын видео-окутуу курсун даярдады.

"Умай Групп" бүгүнкү күндө - дээрлик 100 дүкөндүн жана Globus, "Достор" жана "Народный" тармактарында 4,5 миңден ашык кызматкерлерди камтыйт. Компания Кыргызстандагы эң ири жумуш берүүчүлөрдүн жана салык төлөөчүлөрдүн бири.

"Умай Групп" компаниясында мыйзамды сактоо биринчи орунда турат. Ошондой эле соода түйүндөрүндө мыйзам бузууларды азайтуу үчүн бардык күчүн жумшоого аракет кылат.

Албетте, ар бир жаран өз укугун билиши керек. Бирок мыйзамдар көп жана алардагы түзөтүүлөр дагы арбын. Ошондуктан жөнөкөй жарандар (адис эместер) үчүн анын ийне-жибине чейин түшүнүү кыйын. Мындан улам Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын бир катар видео-окутуу роликтерди түзүү демилгесин компания колдоду.


"Бул биздин социалдык жоопкерчилигибиздин бир бөлүгү деп эсептейбиз. "Умай Групп" ар дайым кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатып келет. Ал эми керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө мыйзамын билүү биринчи орунда турат. Биздин кызматкерлерибиз биринчи кезекте мыйзамды сактап, кардарлардын кызыкчылыгын коргошу зарыл деп эсептейбиз. Буга байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын сунушун кубануу менен кабыл алдык. Мындай демилгелер биздин дүкөндөрдүн ишин дагы жакшыртат деп ишенебиз" деп билдирди "Умай Групп" компаниясынын HR-директору Нураим Айбашова.

"Умай Групп" дүкөндөр тармагынын кардарлары керектөөчүлөрдүн укугун коргоо мыйзамын так аткарарына ишеним артат.

"Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө" мыйзам - тамак-аш жана азык-түлүк эмес товарларды соодалоонун эрежелеринин жыйындысы, бир катар мыйзам алдындагы актылар. Бул документтердин негизги жоболору "Умай Групптун" соода түйүндөрүнүн кызматкерлери үчүн даярдалган атайын видеолордо түшүндүрмө берилет.

"Анализ көрсөткөндөй, ири соода түйүндөрүндө эреже бузуулардын көпчүлүгү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө мыйзамдарды билбегендиктен келип чыгат. Ошондуктан ушундай окутуу программасын уюштурууну туура көрдүк. Мурун биз керектөөчүлөр менен гана иштешчүбүз. Бирок эки тарапка тең маалымат берүү эффективдүү болот. Сатуучулар да, кардарлар дагы өз укуктарын гана билбестен, милдеттерин дагы билиши кажет. Андыктан видеороликтер "Умай Групптун" кызматкерлерине мыйзамдарды ийне-жибине чейин жакшыраак түшүнүүгө жардам берет. Бул алардын ишин жатыйжалуу кылат", - деп айтты Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адилетсиз атаандаштык башкармалыгынын жетекчиси Руслан Казаков.

Ал ошондой эле бардык тараптардын – керектөөчүнүн, өндүрүүчүнүн жана сатуучунун кызыкчылыктарын тең салмактуулук менен сактоо маанилүү экенин белгилейт.

Ошол эле маалда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлү ишкерлик кызматкерлерди окутуунун артыкчылыктарын баалап жатканын баса белгиледи.

"Азыркы учурда рынокто аттандаштык чоң. Керектөөчү ар дайым анын укугу корголгон жакка барат. Ошондуктан, ишканалардын кызматкерлерине мындай тренингдерди өткөрүү пайдалуу жана ыңгайлуу", - деп сөзүн аяктады Руслан Казакбаев.

Роликте керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда колдонулган негизги түшүнүктөр тууралуу айтылат. Дүкөндөн товарларды сатып алууда көпчүлүк учурда пайда болгон талаштуу жагдайлар да кылдат талданат. Сатуучу мындай жагдайга кандай туура баа бериши керек, сатуучу жана кардар эмнеге укуктуу жана алардын укугу мыйзамда кандай корголгону боюнча түшүндүрмө берилет.

Маселен, эгерде кассадагы баа менен текчеде көрсөтүлгөн баа дал келбесе, сиз товарды көрсөтүлгөн баада сатууга милдеттүүсүз.

"Умай Групп" дүкөндөр тармагынын кызматкерлери керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мыйзамдын ушул пунктун дайыма сакташат.

Мындан тышкары кардарлар үчүн бир нече колдоо борборлору бар. Дүкөндүн жана кайсы бир кызматкердин иши жөнүндө пикир калтыргыңыз келсе, же Globus, "Достор" жана "Народный" тармактары жөнүндө ой бөлүшүүнү кааласаңыз, социалдык тармактардагы баракчаларына жазыңыз:

"Народный" +996 312 900251

Globus +996 312 910660

"Достор" +996 312 580005

  • WhatsApp/Telegram: +996701555705 номерине жазыңыз.

Кардарлардын тейлөө кызматы дем алышсыз иштейт 24/7

"Умай Групп" - эң сонун соода тажрыйбасы, сапаттуу тейлөө жана эң жагымдуу баада товарлар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан