Элдин биримдигин жана ынтымагын, мекенчилдик сезимди козгоого жана аны бекемдөөгө арналган "Кыргыз эл, алга!" аталыштагы жаңы чыгарма жарык көрдү.
Чыгарманын сөзү жана обону Мыктыбек Аширбай уулуна таандык. Аткаруучу ырчылар Гүлзада Рыскулова, Нуржигит Асанов, Аксай Мукамбет уулу жана Сайкал Садыбакасова.
Автор чыгарма ошондой эле мекенчилдик сезимди козгоого арналгандыгын баса белгиледи .
Чыгарма президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун демилгеси аркылуу жарык көрдү.
Видео клипти толугу менен көрүү үчүн YouTube каналына баш багыңыз, чыгарманын расмий аталышы "Кыргыз эл, алга".