"Газпром" компаниялар тобу өлкөнүн башкы майрамдарынын бири болгон Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн утурлай ардагерлерге барып, алардан кабар алуу салтын улантууда.
"Газпром Кыргызстан" жана "Газпромнефть-Азия" компанияларынын кызматкерлери Кыргызстандын аймагында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир катышуучусун жана майыптарын, Ленинград блокадачыларын жана концлагерлердин жашы жете элек туткундарын жеке куттуктап, даректүү материалдык жардам көрсөтүп, азык-түлүк топтомдорун белек кылышты.
Ардагерлерди 9-Майга карата куттуктоо 17-жыл катары менен компаниялар тарабынан демилгеленген маанилүү кайрымдуулук иш-чараларынын бири болуп саналат.
Мурат Сулайманов, "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын башкы директорунун орун басары:
«Биз ардагерлерге чын жүрөктөн жеке ыраазычылыгыбызды билдирип, алардын кадыр-баркына жетүүнүн ар бир мүмкүнчүлүгүн колдонууга аракет кылабыз. Канчалык каалабасак дагы, арабызда алардын саны азайып баратат.
Биз Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир катышуучусуна таазим этебиз. Ата-бабаларыбыздын улуу эрдигин эскерип сактайбыз. Алардын Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиги жана баатырдыгы түбөлүккө биримдиктин, туруктуулуктун жана кайраттуулуктун үлгүсү, өз мекенине жан аябас кызмат кылуунун үлгүсү болуп кала берет».