Бул жылы майрамдарга бай май айы кыргыз элине узак дем алыш күндөрүн тартуулады жана бул үй-бүлө жана достор менен убакыт өткөрүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк. Сиз үчүн жакындарыңыз менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн чексиз кылуу үчүн Beeline Кыргызстан белектерди даярдады.
Майрамдардын урматына мобилдик оператор өз абоненттерине 2 ГБ интернет жана Beeline Россия жана Beeline Казакстан номурларына эл аралык чалуу үчүн 30 мүнөт бекер берет. Топтомдорду «Мой Beeline» мобилдик тиркемесинен 5 же 6-майда гана кошуп алсаӊыз болот. Топтомдор кошулган учурдан тартып 24 саат бою жарактуу.
— Биз Кыргызстан элин Май майрамдары менен куттуктайбыз жана дем алыш күндөрүн жакшы өткөрүүӊүздөрдү каалайбыз! – дейт Beeline-дын башкы директору Андрей Пятахин. – Бул майрамдар көптөгөн позитивдүү эмоцияларды, күч-кубатты жана, албетте, кымбаттуу адамдар менен баарлашуу бакытын алып келсин. Жакындарыӊыз менен байланышта болуңуз!
Beeline — 25 жыл бою жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп келет!