Ырчы, “Жебе” тобунун экс-солисти Самат Муратбеков унаасы менен тааныштырат. Азыркы унаасын “Перевозчик” тасмасында Жейсон Стэтхэм айдаган унаага окшош деп атайын сатып алыптыр. Өзү да маекке Стэтхэмдин стилинде кийинип келди. Тамашакөй, шайыр-шатман жүргөн жигит кызыктуу баарылашып берди.
Маекти толугу менен “Супер-Инфонун” 5-майда чыккан жаңы – №1065 санынан окуй аласыз.