9-Май күнү көк бөрү боюнча Жеңиш кубогу жыйынтыкталды. Турнир бул жылы Жалал-Абад облусундагы "Телтору" ат майданында өткөрүлүп, 34 команда катышты. Мындай ири масштабдагы турнир Жалал-Абад жергесинде биринчи ирет өтүп, 9 күн бою ат майданга көрүүчү толо келди. Жогорку лигада 2019-жылдан бери жеңиш даамын тата элек "Достук" командасы "Ынтымак", "Сары-Өзөн" командаларын жеңип, чемпиондук тактыны ээлешти. Оюндан кийин коргонууда өздөрүн мыкты көрсөтүшкөн бир тууган Жеңишбековдорду кепке тарттык.
Маекти толугу менен “Супер-Инфонун” 12-майда чыккан жаңы – №1066 санынан окуй аласыз.