Пакистандын Жогорку Соту башаламандыктан улам Имран Ханды бошотууга буйрук чыгарды

Пакистандын Жогорку Соту мурдагы премьер-министр Имран Хандын камакка алынышын мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Бийликке аны дароо бошотууга буйрук берилди. Сот ошондой эле Имран Ханды Исламабаддын Жогорку сотуна кайра кайрылууга үндөдү", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Пакистанда мурдагы премьер-министр Имран Хан камакка алынгандан кийин нааразылык акциялары башталып, ал кагылышууга айланган. Пакистандын бир катар шаарларында демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонулду.

Өз кезегинде Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Пакистанга барбай турууга чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан