Экономика үчүн импульс. Кыргызстанга ЕАЭБ алкагында кызматташуу эмне берет?

2022-жылы Кыргызстан ЕАЭБдин төрагасы болгон. Өлкөбүздө өнөктөштөр менен байланышты чыңдоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрү пайда болгон жана аларды максималдуу түрдө пайдаланган сыяктуу. Жада калса Батыштын Биримдиктин айрым мүчөлөрүнө киргизген санкциялары да тоскоол болгон жок.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кызматташтыгына бир жыл мурун Бишкекте өткөн биринчи Евразиялык экономикалык форум күчтүү түрткү берди. Артка кылчайганча, экинчи форум өткөнү турат. II Евразиялык экономикалык форум 24-25-майда Москвада “Көп кырдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” ураанынын астында өтөт. Ал ЕАЭБдин мамлекет башчыларынын катышуусундагы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына туш келмекчи. Андан эмнелерди күтсө болот, биздин материалдан окуңуз.

Башталышы гана

Биринчи Евразиялык экономикалык форум биздин аймак үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн маанилүү окуя болуп калды. Ошол маалда Россия менен Беларуска санкциялык басым дээрлик туу чокусуна жетип турган. Мындай шарттарда ЕАЭБдин мүчөлөрү буга чейин түзүлгөн бардык келишимдерге тилектештигин жана берилгендигин көрсөтүштү. Алар бири-биринен жүз буруп кетпей, кризистен чыгуу үчүн биргелешкен чараларды иштеп чыгууга аракет кылышты.

Эксперт Бейшенбек Ишенов форумдун жыйынтыгын жогору баалап, бул иш-чара Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө жаңы дем бере аларын белгиледи. «Форумда жакшы долбоорлор айтылды, өлкөбүзгө инвестиция тартуу боюнча пландар жана келишимдерге кол коюлду. Бул кубандырат. Биз биринчи кезекте россиялык инвесторлордун катышуусу менен экономикабыздын өсүшүн камсыздашыбыз керек», - деди ал.

Ал эми Кыргыз Республикасынын экономикасы чындап эле өстү – 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 7%. Мында ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен кызматташуу чоң роль ойноду. Кыргызстан алар менен 4,5 миллиард долларга соода жүргүзгөн (бир жыл мурункуга караганда 32,3%га көп). Басымдуу бөлүгүн - 3,2 миллиард долларды Россия менен болгон соода түздү. Ал бир жыл ичинде 40,8%га өскөн.

Кызыгы, 2022-жылдын аягына карата ЕАЭБ өлкөлөрүндө эсептешүүлөрдүн төрттөн үч бөлүгү улуттук валютада ишке ашкан. «Бул чоң артыкчылык. Ушундай жол менен биз валюталарыбызды резервдик кылып, доллардан, анын курсунан көз карандысыз болобуз”, - дейт Бейшенбек Ишенов. Бирок, биз өзүбүздүн көйгөйлөрүбүздү чечүүдөн али алыспыз. Биз ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен кызматташууну улантышыбыз керек. Жана баарынан мурда, албетте, Россия менен. Бул биздин эмгек мигранттарыбыздын кызыкчылыктарын мындан ары да коргоого мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда россиялык инвестицияларды, технологияларды жана ресурстарды тартуу менен экономиканы өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет».

Алды менен акча!

Жалпысынан ЕАЭБге төрагалык кылган бир жыл ичинде бизнести колдоо боюнча 50дөн ашык чаралар жана чечимдер кабыл алынган. Биримдиктин өлкөлөрүндө илимий даражалар боюнча документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашууга кол коюлду; Кыргыз Республикасына 5 миң электромобилди алымсыз алып келүү мүмкүнчүлүгү берилди; Евразиялык тармактык университет түзүлдү. Ошондой эле Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү чечими кабыл алынды.

Кыргыз Республикасына да көптөн күткөн инвестициялар келди: Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду эле өткөн жылы экономикага 60 млн доллар салган. Ал эми 2023-жылы ар кандай долбоорлорго кеминде 160 миллион доллар бөлүүнү пландап жатат. Алардын арасында чакан ГЭСтерди, жеңил жана тамак-аш өнөр жайларын, заманбап медициналык жана башка көптөгөн мекемелерди куруу бар. Фонддун кароосунда ондогон кызыктуу долбоорлор турат жана алар жакынкы аралыкта ишке кирет. Чынында эле, тажрыйба көрсөткөндөй, РКӨФга бюрократия таптакыр мүнөздүү эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан