Жалал-Абаддын эки тургуну "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартты 

Жалал-Абад облусунун эки тургуну "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Аксы районунун тургуну 1972-жылы туулган С.А. жана 1978-жылы туулган Ж.Ы. экстремисттик идеологиядан эл алдында баш тартышты. Бул адамдар мурда "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны карманып келишкен.

"Жарандар өздөрү тандап алган диний багыттын туура эместигин моюнга алып, жарандарды бул уюмдун Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө жол берилбестиги тууралуу билдирүү менен "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн кайрылууларына алданбоого чакырды", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда "Хизб ут-Тахрир" ДЭУнун кылмыштуу аракеттерин аныктоо, бөгөт коюу боюнча алдын алуу иш-чараларды жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asyl27
2023-05-24 09:15:00
Диний фанатизм жакшылык бербейт. Сокур ишеним
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан