Өлкөдө "Акыркы коңгуроо" иш-чаралары тынч өттү 

Кечээ, 25-майда республикада «Акыркы коңгуроого» арналган майрамдык иш-чаралар тынч өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо максатында республиканын ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы кызматын күчөтүлгөн режиминде өткөрдү.

Борбор калаадагы бардык мектептерде балдар иштери боюнча инспекторлор, милициянын участкалык инспекторлору жана ЖКККББнын кызматкерлери кызмат өтөштү.

"Майрамдык иш-чараларга 2366 билим берүү уюмдарынан 200 миңге жакын бүтүрүүчүлөр катышты. “Акыркы коңгуроо” учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого 5 миңге жакын милиция кызматкерлери жана 52 милициянын көчмө кабылдамасы жооптуу болду", - деп билдиришти мекемеден.

Алардын айтымында, учурда өлкөдө абал туруктуу. Милиция кызматкерлери тартипти сактоо жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан