MEGA компаниясы балдар үйүнүн тарбиялануучуларын Балдарды коргоо күнү менен куттуктады

Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө MEGA уюлдук оператору (“Альфа Телеком” ЖАК) салтка айлангандай эле балдар үйүнүн жана реабилитациялык борборлордун тарбиялануучуларын куттуктады. Өсүп келе жаткан муунга, колдоого муктаж болуп жаткан балдарга камкордук көрсөтүү – компаниянын социалдык-кайрымдуулук ишмердүүлүгүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.

1-июнда MEGA компаниясынын жетекчилиги Сокулуктун Маловодное айылында жайгашкан, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борборго барды. MEGA’нын кызматкерлери компаниянын атынан борбордун тарбиялануучуларына бекем ден соолук, кубаныч, бакыт жана жылмаюуга себеп болчу жакшы окуялардын көп болушун каалашты. Мындан тышкары реабилитациялык борбордун жамаатына бөбөктөргө көрсөткөн камкордугу жана тарбиясы үчүн ыраазычылык билдирди.

Андагы бардык балдарга азембелектер жана таттуулар берилди. Өз кезинде мекеменин тарбиялануучулары кызыктуу концерт даярдашкан. Ал эми реабилитациялык борборго анын администрациясынын өтүнүчү боюнча MEGA компаниясы видеокөзөмөл системасын сатып алып орнотууга акча каражатын бөлдү.

“Альфа Телеком” ЖАКтын камкордугуна алынган республикадагы башка балдар үйлөрүнүн бөбөктөрүн да унутта калтырган жок. Компания жыл сайын өлкөдөгү балдар үйлөрүнө даректүү колдоолорду көрсөтүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан