Газ киргизгич кесиби, өрт өчүрүүчү кесиби сыяктуу эле, адамдан дене тарбия жактан даяр, максималдуу жыйнак жана техниканын ар кандай кубулмаларына даяр болууну талап кылат. Ишке мындай мамиле жасоо менен «Газпром Кыргызстан» компаниясы жыл сайын өрт-колдонмо спорту боюнча ички корпоративдик турнир өткөрүп келет. Спорттун бул түрү кесипкөй чеберчиликти мыктылап, иши от-жалынды багынтууда камтылган адамдардын денесин жана техникасын өздөштүрүүнүн жогорку планкасын көрсөтөт.
Турнирдин 5 жылдык мааракесине арналган укмуштуудай мелдештер Бишкектеги Динамо стадионунда өттү. Быйылкы жылы турнирге 11 тайпа катышты, алардын арасында КР ӨКМдин 2 командасы, Инновациялык технологиялар институтунун Өрт коопсуздугу кафедрасынын командасы, жаш куткаруучулардын командасы жана «Газпром Кыргызстан» филиалдарынын 7 командасы бар.
Мелдештин алгачкы күнү эки дисциплинаны камтыган: окуу мунарасынын 4-кабатына чабуул шатысы менен көтөрүлүп чыгуу жана 100 метр тоскоолдуктары бар аралыктан чуркап өтүү.
Бардык дисциплиналар өрт өчүрүүчүлөр менен куткаруучулардын күнүмдүк ишмердүүлүгүнөн алынган жана өзгөчө кырдаалдар шарттарында алардын иш-аракеттерин моделдөөгө арналат.
Окуу мунарасынын 4-кабатынын терезесине чабуул шатысы менен көтөрүлүү
Өрт-колдонмо спортунун эң оюн-зооктуу дисциплиналарынын бири – окуу мунарасынын 4-кабатынын терезесине чабуул шатысы менен көтөрүлүп чыгуу. Старт белгиси атылгандан кийин, катышуучу колуна чабуул шатысы менен окуу мунарасына чейин 32 метр чуркап, ар бир кабаттагы терезенин тешигине тепкичти бекитип, мунарага чыга баштайт. Спортчунун эки буту тең 4-кабаттын жертаманына тийгенде, финиш жасалат. Программанын бул түрү ар дайым катуу күрөштө жүрөт жана көбүнчө финиште жеңүүчүлөр менен байге ээлерин секунданын жүздөн бир бөлүгү гана ажыратып турат.
Жүз метр тоскоолдуктары бар аралыктан чуркап өтүү
100 метр тоскоолдуктары бар аралыктан чуркап өтүү толугу менен күч-аракетти жумшоону жана көңүл бурууну талап кылат. Старттан 23 метр өткөндөн кийин катышуучу 2 метрлик тосмодон секирип, салмагы 5 кг болгон 2 өрт түтүгүн кармап, дөңгөчтүн (бум) үстүнөн чуркайт, андан кийин бир түтүктү чуркоо тилкесинде турган бутакка, экинчисин старттан бери артындагы стволго бекитет, андан кийин гана финиш тосмосун кесип өтөт.
Экинчи күнү катышуучулар мотопомпадан күжүрмөн жайылуу боюнча дисциплинада күч сынашты.
Мотопомпадан күжүрмөн жайылуу
Мелдештин эң татаал этабы – мотопомпадан күжүрмөн жайылуу. «Старт» белгисинен кийин катышуучулар калканга чейинки аралыкты чуркап өтүшөт, магистралдык линияны мотопомпасына туташтырышат, бутакташат жана эки жумушчу линияны төшөшөт. Ошол эле учурда соруучу жеңдерди өз ара бири-бирине, тосмо торуна жана мотопомпага бириктиришет (тосмо тору соргуч жеңине аны суу куюлган идишке батырганга чейин кошулат, көнүгүүнү аткаргандан кийин калыс калканда тордун жең менен бириктирилишин текшерет). Мотопомпаны ишке киргизүү жана резервуардан (сыйымдуулугу 1000 л) суу алуу жана аны жең линиялары аркылуу берүү жүргүзүлөт.
Жыйынтыктар
Финалдык дисциплинада мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн «Ошгаз» командасы жогорку класстагы командалык иштин жаңы стандартын бекитип, алдыга оозуп чыкты. Филиалдын өкүлдөрү натыйжалуу координацияны жана күжүрмөн даярдыгын көрсөтүштү, бул тайпага күчтүү атаандаштарын жеңүүгө мүмкүндүк берип, аларды татыктуу түрдө жеңишке жеткирди. Ал эми мааракелик кубок алардын күжүрмөн духунун символу болуп калды.
Мурат Сулайманов, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын ремонт жана капиталдык курулуш боюнча башкы директордун орун басары:
Акылбек Расулов, КР ӨКМдин Өрт өчүрүү жана өрттүн алдын алуу башкармалыгынын башчысы: