Жылнаама: 12-декабрь - залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов туулган

*1928-жылы (85 жыл мурун) залкар жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов туулган. 
Жазуучу Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. 
Атасы Төрөкул Айтматов КПССтин Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон.
Апасы Нагима Хамзеевна Айтматова - теги боюнча караколдук татар. Жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон. Анын атасы Хамза Каракол шаарындагы бай жана интеллектуал татарлардан болгон.
1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле (калгандары кыргыздын арабча же латынча жазмаларын билишкен). Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алган.
Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган эмес. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт.
1946-жылы, сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт.
1948-жылы техникумду мыкты аяктап бүтүргөндөн кийин Кыргыз айыл чарба институтуна окууга кирет. Аны дагы 1953-жылы мыкты аяктайт.
1990-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган.
2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучуну Германиянын Нюрнберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткирилет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен жазуучу көз жумган.
*1950-жылы (63 жыл мурун) акын, драматург жана котормочу Алыкул Осмонов көз жумган. "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан", "Махабат", "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери" деген жыйнактардын авторунун өмүрү кыска болгону менен ырлары түбөлүк жашап келет. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылып чыккан. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска тараткан. Алыкул Осмонов эң мыкты котормочу да болгон. Ал Пушкиндин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын көркөм дүйнөсү менен кыргыз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштырат. Айрыкча улуу акын Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасынын Алыкул таржымалдаган котормосу аңызга айланып, атпай Ата Журтубуздун бүт булуң-бурчуна жеткен. Шекспирдин "Отелло", "Он экинчи түн" сыяктуу драмаларын да кыргыз көрүүчүлөрү анын котормосу боюнча сахнадан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Өзүнө жазгандары такыр жакпай, өз жараткандарын өзү жериген. Нечен толгонуудан кийин басмага даярдаган ырларынын жаңы жыйнагын өрттөп да жиберген. Бул үчүн чоң жүрөк, ашкере баатырдык керек эле. Айкөлдүктүн, ташкындаган таланттын туз-насиби 35 жылга гана өлчөнгөн экен, залкар акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнөдөн кайткан.
 

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан