Баткенде чек араны мыйзамсыз басып өткөн үч чет өлкөлүк жаран кармалды

Баткенде чек араны мыйзамсыз басып өткөн үч чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен ОИИБинин кызматкерлери чет өлкөнүн жарандарын 52 жаштагы С.О., 27 жаштагы тургуну И.Б. жана 23 жаштагы тургуну Х.С. аттуу жарандарды кармашты. Алар Кыргызстандын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, Баткен облусунун аймагында жүргөн жеринен кармалган.

Белгилей кетсек, кармалгандарга карата кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан