Жумгал районундагы Дыйкан айланма жолу реконструкциядан өтөт

Жогорку Кеңештин “Альянс” фракциясы Нарын облусунун Кочкор, Жумгал райондоруна иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, муну менен катар эл өкүлдөрү бир катар социалдык мекемелерден кабар алышты. Көчмө жыйынга Министрлер кабинетинин өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери да катышты.

"Депутаттар эки райондун тургундары менен түз байланыш түзүү максатындагы жолугушууларды өткөрүштү. Суроо-жооп форматында уюштурулган бул жолугушууларда жарандар бир катар маанилүү социалдык-экономикалык маселелер боюнча көйгөйлөрүн айтышты. Эл өкүлдөрү бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн өз ыйгарым укуктарынын чегинде бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдиришти.

Транспорт министрлиги Дыйкан айланма жолун реконструкциялоону келерки жылдын иш планына киргизүүнү убада кылды. Өз кезегинде депутаттар бул чечим аймактын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга, жарандардын көптөгөн көйгөйлөрүн чечүүгө жакшы өбөлгө түзөрүн айтып, бул долбоордун ишке ашырылышын мындан ары да көзөмөлгө аларын белгилешти", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан