Президент Катардын эмири менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт

Президент Садыр Жапаров Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад ал-Тани менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Кабарлангандай, 6-7-июнда Катардын эмири Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет.

Анын алкагында эки өлкөнүн башчылары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошол эле учурда кызматташтыктын учурдагы маселелерин, аны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат. Мындан сырткары, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Буга чейин Катардын эмиринин алгачкы мамлекеттик сапары тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги тарабынан айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан