"300дөй адам иштеген". Даниел Ажиев вебкам студияларын уюштурууга шектелип кармалды (видео)

Бишкекте көп сандагы вебкам студияларынын тармагын уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына вебкам студиялардын биринде оператор болуп иштеген Э.А. аттуу жаран Н.Ш. аттуу администратору эмгек тартибин бузгандыгы үчүн психологиялык басым жасап, физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен 2000 доллар акча талап кылып жатканын айтып, арыз менен кайрылган.

"Анын арызынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Д.А. жетектеген “вебкам” деп аталган студиялардын ири тармагынын ишин координациялаган трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Тагыраагы, бул маалыматтар Д.А.га таандык үч чоң студияда тинтүү иштерин жүргүзүүгө негиз болуп, ал жерлерде 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет сайттар) акчага интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн колдонулган 80 даана компьютердик техника болгон", - деп айтылат билдирүүдө.

Топтун мүчөлөрү чет мамлекеттердин аймагынан бул жаатта иштөө үчүн Даниел Ажиев тарабынан түзүлгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, эбегейсиз киреше алып турган “моделдер” делген кыздарды тартууну уюштурушкан. Операторлор үч нөөмөт менен иштешкен, кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамды түзөт.

Кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттердин бетин ачкан буюм далилдери алынып, бул топтун үч активдүү мүчөсү кармалып, аларга тиешелүү айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

"Д.А. өзү кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында, 31-майда өлкө аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу ага издөө жарыяланган жана андан кийин УКМКнын талабы менен БАЭге учууга аракет кылып жаткан жеринен Өзбекстандын аймагынан кармалды. УКМК менен Өзбекстандын тийиштүү органдарынын координацияланган иштеринин натыйжасында 4-июнда Д.А. кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстанга өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Видео: УКМКнын маалымат кызматы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munduz2016
2023-06-06 07:03:00
Пандемия болгон жылы да кармалган болчу го бул мазгоеп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан