Балдарды мектепке беш жарым жаштан баштап кабыл алуу сунушталды

Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Министрлер кабинети жана депутаттар тарабынан сунушталган “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралды. Аны комитет мүчөлөрүнө билим берүү министринин орун басары Расул Авазбек уулу тааныштырды.

Мыйзам долбоорунда жаңы бала бакча ачууда лицензия алуу талап кылынбайт жана билим берүү уюмдарында аккредитациядан өтүү ыктыярдуу түрдө болору белгиленген. Мындан сырткары балдар мектепке 5 жарым жаштан баштап кабыл алынат деген өзгөртүү киргизилүүдө. Ошону менен катар пилоттук негизде билим берүү мекемелерине ваучердик (окуучунун өзүн каржылоо) системаны киргизүү каралган.

Социалдык саясат боюнча комитет өткөн жумада депутаттар демилгеленген ушундай эле “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун караган. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү тарабынан эки мыйзамдын тең концепциясы жактырылды.

Мындан сырткары “Билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

Жогорку Кеңеш 05.06.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан