Бишкекте 6-7-июнь күндөрү айрым көчөлөргө чектөөлөр киргизилет

Бишкекте жана Чүйдө 6-7-июнь күндөрү айрым көчөлөр маал-маалы жабылып турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматта милиция кызматкерлери жол жээгине автоунааларды калтырбоо, жүк ташуучулар зарылчылык болбосо жолго чыкпай туруу жана жалпы айдоочуларды жол инспекторлорунун талаптарына баш ийип, эрежелерди так сактоосу тууралуу айтылат.
Убактылуу жабыла турган жолдордун тизмеси:
  • "Манас" эл аралык аэропорттун жолу Бишкек шаарына чейин;
  • Жибек Жолу проспектиси Фучик көчөсүнөн чыгышты карай, Жаш гвардия бульварына чейин;
  • Жаш гвардия бульвары түштүктү карай, Жибек Жолу көчөсүнөн тартып Чүй проспектисине чейин;
  • Чүй проспектиси Жаш гвардия бульварынан чыгышты карай Манас көчөсүнө чейин;
  • Манас жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейин;
  • "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан тартып "Ала-Арча" эс алуу паркына чейин.
Белгилей кетсек, 6-июнда Катар мамлекетинин эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан