4 баласын өлтүргөн деп айыпталган аял 20 жылдан кийин акталды 

Төрт кичинекей баласын өлтүргөнгө шектелип мындан 20 жыл мурун эркинен ажыратылган австралиялык Кэтлин Фолбиг аттуу жарандын күнөөсүз экени далилденди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматта Кэтлин Фолбигдин төрт баласы тең 2 жашка жетпей каза болгону айтылган. 1989-жылы 19 күндүк Калеб, 1991-жылы 8 айлык Патрик, 1993-жылы 10 айлык Сара жана 1999-жылы 18 айлык Лаура каза болгон.

Фолбиг айым 2003-жылы төрт баласын муунтуп өлтүргөн деген айып менен 25 жылга эркинен ажыратылган.

Бирок 20 жылдык экспертизанын жыйынтыгында 2 бала капыстан "ымыркай өлүмү" синдромунан, үчүнчү бала муунуп каза болгондугу аныкталган. Соттук териштирүүчү төртүнчү ымыркайды "белгисиз" себептерден улам каза болгон деген тыянакка келген. Окумуштуулар Фолбиг менен анын эки кызында сейрек кездешүүчү генетикалык вариация бар экенин жана анын уулу негизги нейрогенетикалык оорудан каза болушу мүмкүн экенин аныкташкан.

Учурда Фолбиг 55 жашта. Анын жактоочулары күнөөсүз 20 жыл абакта отургандыгы үчүн өкмөттөн ири суммадагы компенсация талап кыла аларын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан