Эдил Байсалов Улуу Британиянын делегациясын кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн, 5-июнда Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Европа жана Борбордук Азия иштери боюнча мамлекеттик министри Лео Докерти менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин кеңири талкуулашты.

"Эдил Байсалов азыркы жетекчиликтин тушунда мамлекеттүүлүктү бекемдөөдөгү жетишкендиктер жана учурдагы социалдык-экономикалык абал тууралуу маалымат берип, ошондой эле өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары менен тааныштырды.

Тараптар эл аралык күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча пикир алышып, эки тараптуу активдүү кызматташууну улантууга даяр экендиктерин ырасташты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан