БШК дагы бир талапкер Улан Сариевдин добуштарын жокко чыгарды

Бүгүн, 5-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Улан Сариевдин да добуштары жокко чыгарылды.

Каттоодон баш тартууга шайлоо фондуна кирбеген 25 миң сом каражатты колдонуу себеп болгон. Талапкер ал каражатты штаб жайгашкан имараттын ижарасын төлөө үчүн жумшаганын айтып, добуштарды жокко чыгарбоону суранды. Ал эми Сариевдин добуш сатып алганы, административдик ресурс колдонгону боюнча фактылар тастыкталган жок.

Анын алдында талапкер Дамира Ниязалиеванын каттоосу жокко чыгарылган.

Белгилей кетсек, 28-майда Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кезексиз шайлоо өтүп, анда алдын ала маалыматтар боюнча Дамира Ниязалиева жеңишке жеткен. Шайлоодо Улан Сариев 2 070 (11,88 пайыз) добуш менен экинчи орунга чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан