Садыр Жапаров ЕККУнун башкы катчысын кабыл алды

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 5-июнда Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырып жүргөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы Хельга Мария Шмидди кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле жакынкы келечекте кызматташуунун приоритеттери тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы ЕККУнун башкы катчысына социалдык-экономикалык өнүктүрүү, коопсуздукту чыңдоо, сот жана укук коргоо органдарына көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

"Ошону менен бирге президент төмөнкү багыттар боюнча ЕККУнун Кыргызстандагы долбоордук ишмердигин күчөтүү максатка ылайыктуу деп эсептейт, алар: чек ара коопсуздугун чыңдоо, укук коргоо органдарын реформалоону мындан ары колдоо жана алардын дараметин бекемдөө, электрондук коммерцияны өнүктүрүү, айрыкча өлкө региондорунда ишкердикти колдоо", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Хельга Мария Шмид Садыр Жапаровго жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан уюмдун эң маанилүү өнөктөшү жана катышуучу-өлкөсү экенин белгиледи.

Ал тоолуу өлкөлөрдү коргоо боюнча Кыргызстандын көтөрүп жаткан демилгелерин жана аракеттерин жогору баалап, уюмдун БУУнун тоо өнөктөштүгүнө кошулгандыгын канааттануу менен белгиледи.

ЕККУнун башкы катчысы ЕККУ Кыргызстан жана Борбор Азия менен эки тараптуу жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин дагы бир жолу ырастады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан