Кара-Балта дарыясына 14 жашар кыз агып кетип, ал изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.
Ага ылайык, 5-майда кечки саат 18:50дө Чүй облусунун Жайыл районунун Бишкек — Ош унаа жолунун 97-98-чакырымында 14 жашар кыз Кара-Балта дарыясына агып кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
"Жеринде капитан Байыш Мукашов жетектеген 3 куткаруучу, ошондой эле 4 суучул издөө-куткаруу иштерин аткарышты. Издөө иштеринен натыйжа чыкпай, түн кирип кеткендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Таң эрте кайрадан издөө иштери улантылат", - деп айтылат билдирүүдө.