Акылбек Жапаров Кытайдын “ЦзыЦзинь” корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын “ЦзыЦзинь” корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда тараптар тоо-кен тармагындагы эки тараптуу кызматташуулар тууралуу актуалдуу маселелерди талкуулашты.

"Өз кезегинде “ЦзыЦзинь” корпорациясынын өкүлдөрү Министрлер кабинетине “Алтынкен” ЖЧКсынын инвестициялык долбоорун ишке ашырууда туруктуу колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы башка инвестициялык долбоорлоруна катышууга кызыкдар экендигин кошумчалашты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, “Алтынкен” биргелешкен кыргыз-кытай ишканасы геологиялык чалгындоо, кен казуу, пайдалуу кендерди байытуу жана эритүү, кайра иштетүү жана даяр продукцияны сатуу менен алектенет.

Ишкананын капиталынын 40 пайызы “Кыргызалтын” ААКсына, 60 пайызы “ЦзыЦзинь” корпорациясына тиешелүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан